Замандаш экономикада экологиялык коопсуздукту сактоо маанилүү ролду ойнойт. Ар бир ишкерлерден экологиялык жана санитардык нормаларды сактоону талап кылууда. Эл аралык эрежелерди сактап иштегендер да болсо, копол ишмердик менен алектенген ишканалар көп.

Айлана чөйрөгө таасирин тийгизген тоо кен тармагында иштеген чет элдик ишканаларга катуу көңүл бурулат. Алардын ишмердигин атайын органдар көзөмөлдөп турат. Бирок, алардын мүмкүнчүлүктөрү чектелгендиктен тармактын катышуучулары көзөмөлдөн качып кеткен учурлар катталат.

Талас облусундагы Ур-Марал капчыгайындагы геологиялык чалгындоо иштери инвесторлор, жергиликтүү бийлик менен калктын макулсуздугунун жыйынтыгы болду. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин маалыматы боюнча, кенди иштетүүгө «Полюс Голд Кей Джи» ЖЧКсы уруксаат алган. Ишкерлер лицензияны сатып алууга $7,5 миң сунуштаган.

Кендин аянты 625 гектарды чапчыйт, алтындын көлөмү болсо 11,3 кг ашпайт. Жергиликтүү бийликтин айтымында, ишкана иштин баштоосу боюнча билдирме бербей, кызыл китепке киргизилген бактарды кыйып салган. Бакай-Ата районунун тургандарын бул кадам жайытсыз калтырды. Андан сырткары, сугат жерлер ууланы коркунучу пайда болду.

Окшош кырдаал Узген районунун 7 айылында 2019-жылдын январь айында болгон. Кытайлык көмүр табуучу ишканасы иштетилген катмарларды Зергер суусуна тыштаган. Катмарлар суунун сайында жайгашкандыктан суу ууланган.

Бул экологиялык нормаларды сактабагандыктан ишкана 360 миң сомго айыппулга жыгылган. «Цзинь Лун» ЖЧКсы долбоордун багытында иштебегенин өкмөттөн тастыкташкан. Инвесторлор жергиликтүү тургундар үчүн артезиан көзөнөгүн бургулоого милтеттенишкен.

Бирок жергиликтүү активисттер экологиялык бузууларды алдын ала токтоткон учурлар бар. Мындай окуя 2017-жылы Жалал-Абад облусунун Беш-Арал коругунда болгон. Ал жердин 200 гектарын трансформациялоо боюнча жергиликтүү бийлик комиссия түзгөн. Коруктун ичинде Ийри-Сай кени бар, ишкелер болсо Найза участогуна кызыктыгын билдирген. Трансформация маселесин чек арачыларга жаңы жол салуу деп шылтоо менен көтөрүлгөн. Участокко жабдуулар алынып келип, бактарды кыюу иштери башталган. Жайынтыкта, райондук прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз бак кыюу жана ызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу статьялары боюнча иш козголгон.

Баардыктын негизи – суу менен таза аба

Кыргызстандагы Кумтөр жана Жерүй алтын кендерине коомчулук катуу көңүл бурулат. Экинчи кен ишмердигин байштай элек болсо, биринчиси көп жылдык тажрайбасы менен мактанса болот. Тажрыйба көрсөткөндөй, ишкана имшердигин ийгиликтүү алып барат. “Кумтөр” ишканасы ишмердигинде аба түшкөн бөлүкчөлөрдөн Петров көлмөсүнүн суусун колдонуусу жана химиялык заттарды сактоо жана иштетүү кылдаттыгын эске алат. “Кумтөр Голд Компани” ЖАКнун кызматкерлеринин ден соолугу да биринчиликте турат.

Кендин абасында зыян бөлүкчөлөрү боюнча ар дайым мониторинг жургүзүлөт. Кумтөрдөн Барскоонго чейин унаа жолуна суу чачылып турат. Бул аракет унаа кыймылынан чаңдын таасирин айзатууга багытталган. Жолдун боюндагы өсүмдүктөрдө чаңдын калың катмары аныкталбайт. Анткени, суу чачылган жолдо кыймылдын ылдамдыгы чектелген.

Кендин иши токтобош үчүн суу керек – ал аркылуу ташты майдалап алтын өндүрүлөт. Керектүү суу Петров көлмөсүнөн алынат.

Бирок, алынган сууну пайдаланып, анан Нарын суусуна төгүп салат деп ойлогон туура эмес. Суу түшүрүугө чейин эки даражадан турган тазалоодон өтөт. Бул процессти ченемге өткөрсөк, чоң сууга түшкөн көлөмдү пайызы тырмактай эле.

Адистердин маалыматына ылайык, Нарын сууну  ванна менен салыштырсак, кендин колдонгон суусу бир стакандан ашык эмес. Проценттик салыштырууда бир жылдык аккан суунун 00,4%дан жогору эмес.

Жапайы жаныбарлар кендин кооздугу

Кендин ишмердиги менен, тоолу аймакка браконьерчилердин кирүүгө мүмкүндүгү чектелди. Анын арты менен Кызыл китепке киргизилген жаныбарлардын саны да көбөйдү. Кумтөрдүн кызматкерлери жакын арадагы аркарларды тарткан мисалдар көп. Социалдык тармактардын колдонуучулары колдон тамак жеген түлкүгө кубанган учурлар бар (коопсуздук үчүн жапайы жаныбарларды колдон багууга тыюу салынган). 1990-жылы Кумтөрдүн жардамы менен Сарычат-Эрташ коругу уюшулган.

Эпилог

Алдын ала маалымат боюнча, Кыргызстандын кендеринде 80 млрд долларды чапчыган алтын бар. Ар бир өндүрүш аймактын биотүрдүүлүгүнө таасир берет, ошондуктан аны азайтуу аракеттерин көбөйтүүгө зарыл. Бул маселени мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков көп жолу көтөргөн. Анын айтымында, инвесторлор үчүн шарт түзүп жана алардын милдетин аткаруусун катуу көзөмөлгө алуу туура. 

«Тоо кен ишканасы экологиялык коопсуздукту сактайбы эксперттер гана аныктайт. Бул маселени саясаттан ажыратыш керек. Эгерде тоо кен ишканасы мамлекеттин мыйзамын бузуп, экологиялык зыян алып келсе, анда бул долбоорлор өлкөдө жабылат. Кыргызстандын улуттук байлыгы элдин кызыкчылыгында иштетүү керек», – деп Жээнбеков белгилеген.

Асыл металлдарды өндүрүүдө техрегламенттерди сактоо экологияга таасирин минималдаштырат. КР Тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын президенти Орозбек Дүйшеевдин айтымында, мамлекет тоо кен компаниялардын ишмердигине жардам берип, укуктуу органдары көзөмөл ишин туура алып барууга зарыл.

«Алтынды өндүрүү – татаал процесс. Биздин оор көйгөйүбүз тоо кен профессионалдарынын жетишсиздиги. Ошондуктан, калкта тоо кен тармагы экологияны талкалайт деген жомоктор пайда болот. “Кумтөрдү” миллиондогон айыппулга жыкканы эсиңиздеби? Ал жерде айлана чөйрөгө берген таасири боюнча элементардуу анализ да өткөрүлгөн эмес», – деп Дүйшеев басмалады.

Эксперттин айтымында, тоо кен тармагы алтын казуу иштери менен чектелбейт. Көмүр кендеринде экологиялык стандарттарды сактоо маселеси оор абалда. «Юнисон» Коомдук фондунун изилдөөсүнү негизинде, Кыргызстандын шахталык фондусу эскирген, көмүрдү өндүрүү жабдуулары техникалык талаптарга жооп бербейт. Көмүрдү өндүрүү катуу бузулар менен өткөрүлүп адамдардын өлүмүнө алып келген учурлар болгон. Кырдаалды натыйжасыз башкаруу козгойт. Ошондуктан жабдуларды жаңылоо жана регламенттерди сактоо маселесин комплкестүү түрдө чечүү зарыл.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.