Таластагы Ур-Марал капчыгайында Кызыл китепке киргизилген токой кыйылды. Себеби, жеринде «Полюс голд кейджи» алтын табуу иштерин баштаганга даярданып жатат. Бул тууралуу “Экостан” кыймылынын мүчөлөрү кабарлады.
Эскертсек, 2018-жылы Бакай-Ата районунун тургундары ишти токтотуу боюнча акцияларды уюштурган. Алардын айтымында, өндүрүш капчыгайдын айлана чөйрөсүнө, сууга зыянын келтирет.
Өнөр жайы, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматы боюнча, кен 625 гектар жерде жайгашып, алтындын көлөмү 11,5 килограммды тузөт.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Поделиться:
Окшош жаңылыктар
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: