Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясынын кеӊсесинде 7-январь күнү жалбырактын калдыктары чогултулуп өрттөлгөн. Бузуулар кодексинин 71-беренесине ылайык (белгиленбеген жерлерге таштандыларды таштоо, өрттөө) мыйзамын бузгандыгы аныкталды. Бул тууралуу аталган райондун Күн Чыгыш айыл өкмөтү Улан Турганбаев билдирди.
Анын айтымында экологияны зыянга алып келген райадминистрациянын кызматкерлерине комиссиянын негизинде протокол түзүлуп, биринчи кадам үчүн эскертүү берилди. Эгер мындай көрүнүш экинчи ирээт кайталанса анда 7,500 – 17, 500 сомго чейин айып салынат.
«Бүгүнкү күндө жалбырак өрттөлгөн жерде экологияга канчалык зыян алып келгендигин жеринен тааныштык. Бирок, райадминистрациянын артындагы таштандылар анчалык кооптуу маселе алып келбегендиктен биз тиешелүү кызматкерлерге эскертүү жана сөгүш бердик», -деди Турганбаев.
Ал эми Тоӊ райондук мамлекеттик администрациянын жетекчиси жалбырактарды өртөө иштери майрам күндөрү жасалганын, алдынала эч кандай кабары жок экенинин билдирди. Эгер жергиликтүү бийлик өкүлдөрү айып пулга жыкса, ал жалбырак өрттөгөн кароолчуга жүктөлмөк.
«Майрамдык эс алуу күндөрү биздин кеӊседе 2 жылдан бери иштеп келген кароолчубуз билбестиктен жалбырак өрттөгөн. Бул боюнча биздин эч кандай кабарыбыз жок эле. Азыркы күндө биз тараптан да сөгүш берилди. Эгер физикалык же юридикалык жактан мамлекет айып салса анда аны тиешелүү кызматкерибиз төлөмөк»,- деди аким Т.Ажиев.
Эскертсек, 7-январда жалбыракты өрттө факты боюнча Фейсбуктун колдонуучусу Айбек Жаныбаев өзүнүн баракчасында бөлүшкөн.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.