Ысык-Көл аймагын өнүктүрүүнүн актуалдуу көйгөйлөрү, келечеги, табигый теңсалмактуулукту сактоо жана калктын социалдык-экономикалык бакубаттуулугун камсыздоо боюнча натыйжалуу чечимдерди табууга арналган “Ысык-Көл: туруктуу өнүгүү үчүн жаратылыш менен өнөр жай балансы” аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү. Ал жерде балык чарбаларынын көлдүн экосистемасына тийгизген таасири жөнүдө да сөз болду. Конференцияга Балык чарба департаментинин директорунун орун басары Нурзамат Акпаралы уулу катышуучуларды актуалдуу көйгөйлөр менен тааныштырды.

Source – https://agro.gov.kg

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.