Ысык-Көлдө мамлекеттик коруктарада, жаратылыш парктарында жүргөн жапайы жаныбарларга санак жүгүзүлгөн. Анын алкагында үстүбүздөгү жылдын август айынан бери чет элдик мергенчилерге квота берилип, аӊчылык иштери уланууда. Бул боюнча биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш айланалары департаментинин Ысык-Көлдөгү өкүлү Төлөгөн Үсөнбаев кабарлады.

Маалыматка ылайык,Ысык-Көлдүн тоо этектеринде, аска зоолорунда 2017-жылдын санагы менен 14 миӊ тоо- теке, 5 223 аркар- кулжа, 66 ак -илбирс, 25 аюу жана кызыл китепке кирген алгыр куштар бар экендиги байкалган. Бүгүнкү күндө чет элдик жарандар эл аралык документтердин талаптары менен 8 жаштан жогорку тоо текелерине мергенчилик кылууда.

«Ѳткөн жылы облустагы егерлер, мергенчилер тарабынан жапайы жаныбарларга санак жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында чет элдик жарандарга 138 баш тоо текесин атууга квота берилген. Анын ичинен 132 баш атылганы документке тиркелди. Бул жылы августтан бери мергенчилик жүрүп жатат. Ага өзүбүздүн кызматкерлер баш болуп көзөмөл жүргүзүп коштоп жүрүшөт. Бул жылга катара мергенчилик иши 2-декабрда жыйынтыкталат.Талап боюнча 8 жаштан жогорку текелер атылат. Жаныбардын мүйүзү 1 метр 18 ден жогору болгондугунан билүүгө болот. Ал эми андан түшкөн каражат жаратылышты коргоо фондуна которулуп, мергенчилердин айлык акылары берилет», деди Т.Үсөнбаев.

Эскерте кетсек, чет элден келген мергенчилер бир 1 баш тоо текени атууга 70 миӊ сом акча төлөшөт

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.