Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын курортунда жайгашкан “Ак-Суу Кенч” эс алуу жайына эл нааразычылык акциясын уюштурушту. Коомчулуктун пикиринде душ, бассейндерден чыкан кир суулар эл ичип жаткан Ак-Суу суусуна кошулуп атат. Бул боюнча Теплоключенко айылынын тургуну Фархад Ыдырысов төмөнкү пикирди билдирди.

“Биздин айылда мындай эс алуу жайлар ачылганы жакшы. Бирок бир киши киреше табат деп, 12 мин киши эл жуунган сууну ичип атат. Биздин ден соолук кандай болот? Максатыбыз суусу тазаласын. Жаштар талабы ушу” – деди, ал.

Жаштардын мындай нааразычылыгынан улам, жеринде комиссия түзүлдү. Курамына санитардык эпидемиялык көзөмөлдө, ӨКМ, райондук прокуратура, экологиялык техникалык инспекциясы, айыл өкмөт жана жак активдер камтылды. Комиссиянын мүчөлөрү саркынды суу боюнча жеринде таанышып жаткан учурда ӨКМ суунун жегине дамба курууга эскертүү бергенин кабарлады. Ага кошумча экологиялык техникалык инспекциясынын суу ресурстарын жана обьектилерди көзөмөлдөө боюнча улук инспектор Кайрат Атакозуев кемчиликтерди жоюга убакыт берилгенин айтып өттү.

“Ак-Суу районунун жаштары райондук администрацияга кайрылган. Алар бизге кайрылды. Мен азыр мыйзамдуу, мыйзамсыз деп айта албайм. 2018- жылы декабрь айында комиссия менен келгенбиз. Анда документтер толук болгон эмес. Аларды толуктап, көрсөтүп, кемчиликтерди жоюуга убакыт берилген. Бирок ортодо мыйзам алмашып, контрольный текшерүү болгон эмес”,- деди инспектор.

Ал эми эс алуу жайынын ээси Чынара Урманаеванын айтымында, ал жердин 20 сотук жери жеке менчик. Алар 2 сотук айыл өкмөтүнөн ижарага алып, суунун бир кубуна эс алуу жай 33 сом төлөйт турганын белгиледи.

“Эс алуу жайын 4 жылдан бери куруп атабыз. Июль айында эс алуу жайы иштеп баштаганына бир жыл болот. Биз айылга саркынды суу тазалоочу жай курулгандан кийин гана иштеп баштадык. Суу тазалоо жайы ооруканага тиешелүү болгондуктан алар менен келишим бар. Анда жеке ишкер Урманаева суу тазалоочу жайды колдонууга деген уруксат бар. Ал жерде душ, басейин деп көрсөтүлгөн эмес. Чыр эмнеден башталды. Мен жериме кошумча 2 сотук жерди ижарага айыл өкмөтүнөн сурап барганда башталды. Ал айыл өкмөтү жаштар менен келип, 7 – майда сууну жаап, ишканамды жаптырды. 5 насыям бар. Аны кантип төлөйм?”,- дейт эс алуу жайдын жетекчиси.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.