Тоң районунун Көк-Мойнок айыл аймагынын Кызыл-Омпол уран кенинде нааразычылык акциясы өткөрүлүүдө. Ага Тоң, Ысык-Көл райондору жана Балыкчы шаарынан 200гө жакын жашоочусу катышууда. Бул боюнча маалыматты жаштардын атынан Данияр Бөлтүрүков билдирди.

Анын айтымында, митингге чыккандар кендин чалгынданышы жана зыяндуу зыянсыз заттар боюнча өкмөттүк комиссиянын мүчөлөрү так чечим чыгарат деп ишенбейт.

“Биз уран кенин иштетүүгө чындыгында каршыбыз. Ал жактан эмне деген уулуу заттар бөлүнүп чыгат. Өкмөттүн мүчөлөрү комиссия түзүп карап жатканы менен алар оң чечим чыгарарына ишенбейбиз. Белгилей кетсек, биздин максат экологияны жана калктын саламаттыгын сактоо”,-деди ал.

Учурда митингдин катышуучулары ЖК айрым депутаттары, менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүүдө. Ал эми облустук ИИБ басама сөз катчысы С.Усубакуновдун айтымында, азыркы сааттарга карата коомдук саясий абал тынч.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.