Ысык-Көл облусунда 1 миллион 400миң гектар жайыт бар. Акыркы жылдардан бери малдын саны көбөйгөндүктөн жакынкы жерлер деградацияга учуроодо. Бул боюнча облустук айыл чарба бөлүм башчысы Эркинбек Сагынбеков билдирди.

Анын айтымында, эми райондогу чабандар малдарды жайкысын алыскы жайыттарга кармашат.

“Акыркы жылдардан бери ири мүйүздүү, ача туяктук малдар жана жылкылардын саны көбөйүп, жакынкы жайыттар тебеленди болуп, чөп чыкпай бараткан. Ар жылы чабандарга сыртка баруу үчүн кат жөнөтүлүп, жооп келчү эмес. Бул жылы жердин сапатын сактоо үчүн райондорго бирдей тапшырма коюлду”,- деди ал.

Анын катарында Жети-Өгүз районунун жайыттары деградацияга учурап баштаган. Быйыл бул маселени жергиликтүү малчылар түшүнүү менен кабыл алышты.

“Районубузда 43 миң 252гектар аянт бар. Ортонку жана жакынкы жайыттарга 20 миңден ашык жылкы, 50 миңге жакын уй жана 200 миңден ашык кой багулчу. Бул жылы жаз алды менен 13 айыл өкмөттөн 12 си сырт өрөөнүнө жөнөтүлөт “,-деди райондук агрардык башкармалыгынан А.Байтокоев.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.