Премьер-министр Улукбек Марипов курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолукту. Аларга кайрылып, жаңы долбоорлорду курууда жана пландаштырууда жарандар үчүн ыңгайлуу жана жеткиликтүү баадагы турак-жайларга басым жасоо маанилүү экендигине токтолду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Өз кезегинде курулуш бизнесинин өкүлдөрү өздөрү дуушар болуп жаткан көйгөйлүү маселелерге токтолушту. Алсак, аларга инженердик, электр энергиясы тутумдарына, муздак жана ысык суу менен камсыздоо тармактарына, канализацияга, борбордук жылытуу тутумуна кошулуу, текшерүүчү органдардын компаниялардын ички иштерине кийлигишүүсү, уруксаат берүүчү докукменттерди алуудагы бюроктратиялык тоскоолдуктар, жер маселеси, мамлекеттик органдардагы кадрдык алмашуулар сыяктуу маселелер кирет. Мындан тышкары, архитектура жана курулуш тармагындагы «бирдиктүү терезенин» ишиндеги бюрократиялык тоскоолдуктар байкалат. Мамлекеттик органдар менен өз-ара түшүнүшүү жок, ошол эле учурда республикалык бюджеттин маанилүү бөлүгү бизнестин чегерүүлөрүнөн түзүлөт.
Улукбек Марипов белгилегендей, көрсөтүлгөн көйгөйлөр күн тартибинде бир топ мезгилден бери турат.
«Аларды артыкчылыктуу принциптен чыгуу менен ырааттуу түрдө чечүү керек. Коюлган милдеттерди ыкчам чечүүнүн ордуна, тескерисинче, бизнеске тоскоолдук келтирген кайталанма органдарды кыскартуу керек. Коррупциялык механизмдер жана кандайдыр-бир жактардын кызыкчылыгын сүрөө ушинтип башталат. Айрым учурда курулуш тармагынын ишкерлери оңдуу техникалык шарттарды, документтерди алуусу үчүн мекеме өкүлдөрү менен түздөн-түз байланышууга туура келет. Бул коррупцияга алып барат. Муну менен күрөшүү керек. Курулуш тармагын өнүктүрүү жолу менен баруу керек, жаңы турак-жайлар сапаттуу, кооз жана заманбап курулушу керек», – деп билдирди өкмөт башчы.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Марипов тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине курулуш тармагында иштеген уюм өкүлдөрү тараптан көтөрүлгөн маселелерди кыска мөөнөттө чечүүнү жана курулуш тармагын жөнгө салуучу ченемдик-укуктук базаны инвентаризациялоо жана өркүндөтүү боюнча иш алып барууну тапшырды.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: