Борбордук казыналыктын болжолдуу маалыматы боюнча, 2018-жылдын январь-ноябрь айларында мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 132 млрд 6,1 млн сомду же белгиленген пландык тапшырманын 96,8 %ын түздү (түшпөй калган сумма – 4 млрд 401,1 млн сом). Былтыркы жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу бюджеттин жалпы кирешелери салыктык кирешелердин өсүшүнө байланыштуу 0,2 %га же 200,4 млн сомго өстү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Салыктык кирешелердин көлөмү 104 млрд 173,7 млн сомду же пландын 97 %ын түздү (түшпөй калган сумма – 3 млрд 231,5 млн сом). Өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу салыктык кирешелер 11 млрд 323,1 млн сомго же 12,2 %га өстү.

Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан отчёттук мезгилде 37 млрд 737,3 млн сом өлчөмүндө салыктар жана төлөмдөр чогултулду же пландын 97,6 %ы камсыз кылынды (түшпөй калган сумма – 913,7 млн сом). Былтыркы жылдын ушул мезгилине карата түшүүлөрдүн өсүү темпи 122,6 %ды түздү.

Отчёттук мезгилде Кумтөр тарабынан дүң кирешеге салык 4 млрд 712,6 млн сом суммасында которулду.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.