2018-жылдын январь-сентябрь айларында Жогорку Кеңеш менен Жогорку соттун чыгашалары 1,3 млрд сомдон ашты. Бул тууралу Каржы министрлиги билдирет.
Жогорку соттун жалпы чыгашалары 810 млн сомду түздү. Сарпталган каражаттын 65,3% соттун кызматкерлеринин айлык акысы – 529 млн сом. Анын ичинде негизги айлык – 249 млн сом, кошумча төлөмдөр – 280 млн сом.
Мамлекеттин бюджетинен Жогорку Кеңешке 522 млн сом каралган. Анын ичинен 63% депутаттардын жана парламенттин кызматкерлеринин айлыгы – 333 млн сом. Негизги маяна 112 млн сом, кошумча төлөмдөр 217 млн сомду түздү. Ошондой эле, 9 айдын ичинде өкүлдүк чыгымдар 42,5 млн сомду тузгөн.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: