Ички дүң продукт (ИДП) алдын-ала баалоо боюнча 2025-жылдын январь-мартында өткөн жылдын январь-мартына салыштырмалуу 13,1% жогорулоо менен 329,1 млрд. сомду түздү.
ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш, кызмат көрсөтүүчү тармактары жана продукттарга болгон таза салыктар тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге, товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи мурунку жылдын январь-мартына салыштырмалуу 22,2%, кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 8,7% , ал эми продукттарга болгон таза салыктар 12,2% жогорулады.
ИДПнын түзүмүндө эң чоң үлүш (51,0%) кызмат көрсөтүүчү тармактарга туура келип, мурунку жылдын январь-мартына салыштырмалуу 2,9 пайыздык пунктка тѳмѳндѳгѳн, ошол эле учурда товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү тескерисинче 4,0 пайыздык пунктка жогорулап 31,5% түздү. Мында курулуштун жана өнөр жайдын үлүшү мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,2 пайыздык пунктка жогорулаган, ошол эле учурда айыл чарбасынын үлүшү тескерисинче 0,4 пайыздык пунктка кыскарган.
2025-жылдын январь-мартындагы экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча ИДП
|
Млн. сом
|
ИДПнын өсүү (төмөндөө) темптери
|
Жыйынтыкка карата пайыз менен
|
2024
|
2025
|
ИДП
|
329 126,5
|
113,1
|
100,0
|
100,0
|
Товар өндүрүү тармактары
|
103 643,8
|
122,2
|
27,5
|
31,5
|
Айыл чарбасы, токой чарбасы жана балык уулоочулук
|
13 738,6
|
102,5
|
4,6
|
4,2
|
Өнөр жай
|
68 340,4
|
116,0
|
18,5
|
20,7
|
Пайдалуу кендерди казуу
|
6 731,3
|
96,4
|
2,5
|
2,0
|
Иштетүү өндүрүшү (Иштетүү өнөр жайы)
|
49 214,1
|
121,0
|
12,9
|
15,0
|
Электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу)
|
11 585,3
|
110,3
|
2,9
|
3,5
|
Суу менен жабдуу, тазалоо,калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу
|
809,7
|
121,5
|
0,2
|
0,2
|
Курулуш
|
21 564,8
|
169,0
|
4,4
|
6,6
|
Кызмат көрсөтүү тармактары
|
167 993,2
|
108,7
|
53,9
|
51,0
|
Дүң жана чекене соода; автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо
|
43 656,5
|
117,6
|
13,2
|
13,3
|
Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо
|
12 484,9
|
107,7
|
4,0
|
3,8
|
Мейманканалар менен ресторандардын ишмердиги
|
5 988,3
|
127,1
|
1,7
|
1,8
|
Маалымат жана байланыш
|
9 723,4
|
109,9
|
3,3
|
2,9
|
Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү
|
96 140,1
|
104,0
|
31,7
|
29,2
|
Продукттарга таза (субсидияларды эсептебегенде) салыктар
|
57 489,5
|
112,2
|
18,6
|
17,5
|
Эскертүү: Маалыматтар, 2008- жылдагы Улуттук Эсептер Тутумунун эл аралык стандарттарына ылайык эсептелген. ИДПга алдын-ала баа берүүлөрдү эсептөө экономиканын өнүгүү тенденциясын мүнөздөйт, ал ыкчамдыкты камсыз кылуу үчүн жүргүзүлөт жана негизги тармактар: айыл чарба, өнөр жай, курулуш, соода, мейманканалар жана ресторандар, транспорт жана байланыш боюнча өндүрүш индекстеринин өзгөрүшүнө негизделет. ИДПнын түзүмүндө көрсөтүлгөн тармактардын үлүшү болжол менен 55% ды түзөт.
___________________________________________________________________________________
Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы e-mail:
eisenkulova@stat.kg;
тел.: +996 (312) 324695; 325351
Колдонуучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды колдонууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
30-беренеси).
Источник – Министерство сельского хозяйства Кыргызской Республики
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: