📌Талас облусунун Манас районунда 1 гектар жерден 100 центнер буудай түшүмү алынды.

Белгилей кетсек, бул – 2026-жылдагы буудайдын түшүмдүүлүгү боюнча республикадагы жогорку көрсөткүчтөрдүн бири.

📌Белгилей кетсек, өлкө боюнча буудайдын орточо түшүмдүүлүгү гектарына 50–55 центнерди түзөт.

Жогорку түшүм дыйкандардын заманбап агротехнологияларды колдонушу, сапаттуу үрөндөрдү тандоосу жана агротехникалык иш-чараларды өз убагында жүргүзүүсүнүн натыйжасында камсыздалган.

📌Айыл чарбасында заманбап технологияларды жана сапаттуу үрөндөрдү колдонуу түшүмдүүлүктү жогорулатууга жана дан эгиндеринин өндүрүшүн көбөйтүүгө өбөлгө түзүүдө.

Маалымат булагы egov.kg

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.