Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги тарабынан 2024-жылдын июль жана август айларына карата республика боюнча азык-түлүк куржунунун баасына мониторинг эсептелип чыкты.
Азык-түлүктүн баасы кобүнчө жашылча жемиштер, сүт азыктары жана бахча өсүмдүктөрүнүн баалары өзгөргөндүгүн байкаса болот, мисалы:
Июль
Август
Азыктардын тизмеси
1-сорттогу буудай уну – 44 сом, 1-сорттогу нан – 29 сом, Күрүч – 132 сом, Гречка – 74 сом, Пияз – 36 сом, Помидор – 100 сом, Бадыраң –63 сом, Сабиз – 36 сом, Капуста – 29 сом, Картөшкө – 23 сом, Төө буурчак – 71 сом, Кумшекер – 86 сом, Өсүмдүк майы – 130 сом, 10 даана жумуртка – 111 сом, Алма – 117 сом, Кой эти – 542 сом, Уй эти – 517 сом, Канаттуулар эти – 350 сом, Балык –432 сом, Чийки сүт – 42 сом, Айран – 62 сом
1-сорттогу буудай уну – 43 сом, 1-сорттогу нан – 29 сом, Күрүч – 134 сом, Гречка – 83 сом, Пияз – 20 сом, Помидор –79 сом, Бадыраң –58 сом, Сабиз –28 сом, Капуста – 24 сом, Картөшкө – 33 сом, Төө буурчак – 95 сом, Кумшекер – 87 сом, Өсүмдүк майы – 134 сом, 10 даана жумуртка – 111 сом, Алма – 97 сом, Кой эти – 572 сом, Уй эти – 537 сом, Канаттуулар эти – 292 сом, Балык –391 сом, Чийки сүт – 42 сом, Айран – 55сом
Белгилей кетсек, 2024-жылдын июль айына карата азык-түлүк куржундун баасын эске алуу менен республика боюнча жашоо минимумун эсептей келгенде бир айда бир жаранга 7959 сомду түздү, ал эми 2024-жылдын август айына карай эсептелген жашоо минимуму 7722 сомду түздү жана июль айы менен салыштырмалуу 3,07% га төмөндөгөнүн байкаса болот.
Эске салсак, Улуттук статистика комитетинен берилген жашоо минимуму республика боюнча 8144,34 сомду түзөт жана орточо айлык маяна 35298 сомду түзгөн.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: