Кыргызстандын ордо калаасында эле аралык финансы форуму өтүп жатат. Иш чарада 300 ашык финансисттер киберкоопсуздуктун жана жеке маалыматтарды коргоо маселесин талкуулашат.
Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловтун айтымында, форум кыргыз сомунун 25-жылдыгынын алкагында өтүп жатат.
“Форум кыргыз сомунун 25 жылдыгынын алкагында өтүп жатат. Бул банктык сектор, Улуттук банк жана алдыңкы катардагы компаниялар өз маселелерин талкуулаш үчүн жакшы аянтча”, – деп мамлекеттин башкы финансисти белгиледи.
Форумда орусиялык банктардын жана эл аралык төлөм системалардын өкүлдөрү өз презентацияларын тартуулашат.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: