Ордо калаанын мэриясы алтынга капталган 100 саат сатып алуу боюнча тендерин жарыялады. Тендердин суммасы 950 миң сом түздү. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуу расмий порталы билдирет.
Тендердин шарттары боюнча, сааттардын кутусу алтынга капталган, AISI моделиндеги дат баспаган болоттон жазалган болуш керек. Кутунун артында лазер менен Кыргыз Республикасынын желеги жана «Кыргыз Республикасы. Бишкек шаарынын мэри» деген текст талапка коюлган.
Саат сатып алуу тендери бешинчи жолу өткөрүлүп жатат. Өткөн тендердин суммасы 700 миң сом түзгөн.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: