2023-жылдын 24-июлунан тартып 26-июлуна чейин Италиянын Рим шаарында БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) “БУУнун тамак-аш системаларынын биринчи инвентаризациясы” аттуу саммити болуп өттү. Аталган иш чарага Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министринин биринчи орун басары Нурдин Алишеров катышты.
Бул иш-чара Туруктуу өнүктүрүү максаттарына (ТӨМ) жетүүдө азык-түлүк системаларын кайра уюштуруун негизги ролун эске алуу менен милдеттенмелерди аткаруудагы прогрессти талкуулоо, ийгиликтерди, артыкчылыктарды жана келечектеги пландарды аныктоо максатында өткөрүлдү.
Саммиттин алкагында БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО), БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БДП) жана башка кызыктар тараптардын өкүлдөрү менен бир катар жолугушуулар болуп өттү. Кыргыз Республикасы менен кызматташуунун учурдагы артыкчылыктуу багыттары жана өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Жолугушуулардын жүрүшүндө Кыргызстан менен айыл чарба чөйрөсүндө кызматташуу чоң потенциалга ээ экендиги жана акыркы жылдары активдүү өнүгүп жаткандыгы белгиленди.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: