КР президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-июлда Чүй облусунун Москва жана Жайыл райондорундагы логистикалык борбордун иши менен таанышты. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Борбордо 65 адам жумуш менен камсыз болгон. Ишкана фермерлер жана чарбалыктар менен тыгыз кызматташып, аларды үрөн, жаныбарларга тоют менен камсыз кылат, консультациялык кызматтарды көрсөтөт. Логистикалык борборго 100 млн сомго жабдуулар сатылып алынган. Азыр монтаждоо иштери жүрүп жатат. Өндүрүштүк кубаттуулугу — жылына 8 миң тонна.

Бүгүнкү күндө 460 гектарга жасмык, 300 гектарга нокот жана төө буурчак айдалган. Продукция ички рынокко, ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүнө, Кытайга, Афганистанга чыгууга пландалган.

Жасмык, төө буурчак, маш буурчак, нокот жана гречка сыяктуу буурчак өсүмдүктөрүн өстүрүп, иргелип, сорттоп, өлчөп-орой турган ишкана 2018-жылдын сентябрында ишке киргизилет.

«Региондордо жергиликтүү калкты жумуш менен камсыз кылып, айыл чарба азык-түлүктөрүн кайра иштетүүчү ушундай ишканалардын улам көбөйүп бара жатканы кубандырат. Сиздердин ишкана өндүрүүчүлөргө Кыргызстандын ВСП+ макамынын өзгөчөлүктөрүнөн пайдаланууга мүмкүнчүлүк берүүгө умтулат, бул аракетиңиздер мамлекет тарабынан колдоого татыктуу», — деп Жээнбеков  баса белгиледи.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.