Өкмөт бизнес чөйрөнү жакшыртууга багытталган иш чараларды ишке ашырат. Алардын ичинен эң маанилүүлөрү – ишкерлик субъекттерин көзөмөлдөөчү мамлекеттик органдардын текшерүүлөрүнө эки жылдык мораторий киргизүү жана Бизнес-омбудсмен институтун түзүү. Бул тууралуу вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат комитетинде өкмөттүн 2018-жылга карата отчету боюнча айтып берди.

Ал белгилегендей, процедураларды жөнөкөйлөштүрүү жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоо процесстеринде мөөнөттөрдү кыскартуу максатында өкмөттүн тарабынан «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» мыйзам долбоору иштелип чыкты жана жаңы редакциясынын долбоору биринчи окууда жактырылды.

Токтом долбооруна ылайык, Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары Кыргыз Республикасынын бардык шаарлары, «өсүү түйүнү» болгон калктуу аймактар, республикалык бюджеттен теңдөөчү гранттарды алуучу  айылдык аймактар (трансферттер) преференциалдык калктуу конуштар катары аныкталган.

Тизмеге өнөр жай ишмердүүлүгүнүн төмөнкү багыттары кирген:

  • өнөр жай өндүрүшүнүн инновациялык технологияларга негизделген бардык түрлөрү;
  • жеңил жана тамак-аш өнөр жайы;
  • электр энергетикасы;
  • айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү;
  • жыйым өнөр жайы;
  • ар кандай экспортко багытталган өндүрүш.

Ишканалар долбоорго ылайык, 5 жылдык мезгилге узартуу мүмкүнчүлүгү менен салыктын 4 түрүнөн бошотулат: мүлк салыгы, жер салыгы, киреше салыгы, сатык салыгы.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.