Бүгүн, 23-августта “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитети онлайн сынагын өткөрдү. Бирок техникалык жактан пайда болгон тосколдуктан аукцион үзгүлтүккө учурады.
Сынакка эки кыргызстандык жана бир орусиялык компания катышты. Аукцион 36 мүнөт өтүп, аягында, кыргызстандык Megaline 50,5 млрд сомду сунуштаган. Бирок мамлекеттик сатып алуу порталы жеңүүчү компанияны аныктаган жок.
“Техникалык операторлор мунун себебин аныктап жатышат. Аларга тез арада бүтүм чыгарып, тендердик комиссиянын кароосуна коюу тапшырылды. Техникалык адистердин аныктамасы чыккан соң гана биз мындан аркы кадамдар тууралуу айтып бере алабыз”, – деп МТБМКнин орун басары Кубаныч Шатемиров белгиледи.
Эскертсек, жеңип алган компания баш калаанын 38 көчөсүнө, 4 тез кыймылдуу чектерде 110 программалык-аппараттык комплекстер орнотот. Жабдууларды орнотуу жана иштетүү чыгымдарды өзүнө алат. Мамлекет бюджеттин каражатынан бир да тыйын коротпойт
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: