Кыргызстанда эл аралык индустриалдык парк ачылат, долбоор ишке 5 жылдын ичинде ашырылат. Бул тууралуу КР Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети маалымдайт.
Комитеттин жетекчилиги Гуандун провинциясынын курулуш ассоциациясынын төрайымы Фан Лань менен тиешелүү меморандумга кол коюшту.
Аталган келишим боюнча Кыргызстанда курулуш материал, эмерек , электроника жана үй тиричилик техника каралган индустриалдык паркты куруу долбоору ишке ашат.
Инвестициялык долбоорго 150 миллион АКШ доллары каралат.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: