Кыргызстанда электрунааларды чогултуу боюнча цех ачылат. Биринчи унаанын бетачары 2018 жылдын 25 майда өткөрүлөт. Бул тууралуу 2018 жылдын 17 майда “Гарантиялык фонд” Ачык акционердик коомунун (ГФ) төрагасы Малик Абакиров билдирди.
Маалымат боюнча, Гарантиялык фонд унаа куруучу үч долбоорду колдойт. Бириничиси: электрунаа куруучу цех. Абакировтун айтымында, жаңы долбоор унаалардын экологиялык талабына жооп берет.
Экинчиси: “Кыргызстандын унаа өнөр жайын куруу” долбоору. Долбоор аркылуу Бишкек шаарында газ менен иштеген автобустарды чогултуу цехи ачылат. Чогултуучу автобустардын негизи Кытай унаасысан алынган. Азыркы убакта ордо калаада 18 автобус бар.
Кыргызстан агрардык мамлекет болгондуктан, ГФу “Топоз” деп аталган тракторлорду чогултуу долбоорун иштеп чыккан.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: