Кыргызстандагы расмий катталган жумушсуздардын саны 2018 жылдын апрель айынын этегинде 63 миң адамды түзүп, 2017 жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 4,4% көбөйгөн (2017 жылдын январь – апрелинде 2,6% өскөн).
Орточо айлык эмгек акынын реалдуу өсүшү 2018 жылдын январь – мартында 3,3% түздү, номиналдык жактан туюнтканда орточо айлык эмгек акы 15 миң 120 сом деңгээлинде түзүлдү. Бул тууралу Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин басма-сөз кызматы билдирет.
2018 жылдын январь – апрелинде Кыргызстандын ИДПнын өсүшү 1,3% түздү, бул 2017 жылдын тийиштүү мезгилинен 5% төмөн, ал эми ИДПнын номиналдык көлөмү 132,7 млрд сом деңгээлинде түзүлдү.
“Кумтөр” кенин эсепке албаганда, экономиканын өсүшү 2,5% түздү (2017 жылдын январь – апрель айларында 2,3% өскөн).
2018 жылдын январь – апрель айларынын жыйынтыгы боюнча өндүрүш өнүмдөрүн өндүрүү, реалдуу алганда, 1% төмөндөдү (2017 жылдын январь – апрелинде 36,4 пайызга өскөн). Өнөр жайда, “Кумтөрдү” эсепке албаганда, 6,1% өсүш (2017 жылдын январь – апрелинде 24,6% өскөн) болду. Энергетика секторунда – 3,6% реалдуу өсүш байкалды. Кайра иштетүүчү өнөр жай жана пайдалуу кендерди казып алуу боюнча – 0,3% жана 19,4% төмөндөө орун алды.
2018 жылдын январь – апрелинде негизги капиталда инвестицияларды өздөштүрүү деңгээли өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу бардык каржылоо булактарынын эсебинен 4,4% өстү (2017 жылдын январь – апрелинде 2,9% өскөн). Отчёттук мезгилде иш жүзүндө 26 млрд 597 млн сом негизги капиталда өздөштүрүлдү.
Алдын ала маалыматтар боюнча тышкы соода жүгүртүү 2018 жылдын январь – мартында 1 млрд 560,2 млн АКШ долларын түзүп, 2017 жылдын январь – мартына салыштырмалуу 19,7% өскөн, анын ичинде экспорт – 372 млн АКШ долларын түздү (12,7% төмөндөдү), импорт 1 млрд 188,2 млн АКШ долларын түздү (35,4% өстү).
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: