2018-жылы Кыргызстандын ИПДү 310 мдрд сомду чапчыды. Экономикалык өсүүнүн темпи 0,3%га төмөндөдү. Экономикалык көрсөткүчтөргө карабай мамлекеттик бюджетке салык которуулар 8,3%га жогорулады.
Маселен, Мамлекеттик салык кызматы 79 млрд 583,9 млн сом чогулткан. Бул көрсөткүч 2017-жыл менен салыштырмалуу 6,1 млрд сомго төмөн.
Салыктын 33,1%ын Кыргызстанда жайгашкан 10 компания төлөгөн. Алар экономиканын ар кандай тармагында ишмердигин жургүзөт – тоо кен, соода жана байланыш тармагы. Ошондой эле биринчи компаниялардын катарында өлкөнүн ичинде мунай саткан ишканалар да бар.
МСКын маалыматына ылайык, Кыргызстандын ири салык төлөөчүлөрү төмөнкүдө жайгашкан:
2017-жыл менен салыштырмалуу, лидерлердин толөмдөрү 4,4%га жогорулаган. Бул жерде “Кумтөрдүн” төлөмдөрү 600 млн сомго жогорулаган: 2017-жылы ишкананын салык төлөмдөрү 6 млрд 801 млн сомду түзгөн. «Топ-Ночь» ЖЧКу 800 млн сомго жогору төлөгөн. Бул жерде байланыш компаниялардын төлөмдөрү төмөндөгөн. Компаниялардын айтымында, абоненттер чалып сүйлөшүү жана СМС жиберүүдөн баш тартып, интернеттке көңүл бурушат. 2017-жылы 3 орунду ээлеген «Скай Мобайл» ЖЧКу 2 млрд 913 млн сом төлөгөн. Бирок 2018-жылы 896 млн сом салык төлөмдөрү менен лидерлердин арасына кирбей калган.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: