Бүгүн 14-декабрда “Кыргызалтын” ААКнын башкы кеңсесинде «Макмалалтын» Комбинаты филиалынын базасында биргелешкен ишкана түзүү максатында сынакка катышкандарды тандоо боюнча катышуучулардан түшкөн конверттерди ачуу иш-чарасы болуп өттү.

Аталган сынакка катышууга 3 компания табыштама беришкен:
1) «Мансон Груп» жоопкерчилиги чектелген коому;
2) «Шынкыйюан Фрунзе» жоопкерчилиги чектелген коому;
3) Центральноазиатская «Металлком жоопкерчилиги чектелген коому.

Жакынкы аралыкта “Макмалалтын» Комбинаты филиалынын базасында биргелешкен ишкана түзүү максатында сынакка катышуучуну тандоо боюнча катышуучулар (инвесторлор) өздөрүнүн сунуштары менен тааныштырышат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.