Алдын-ала маалымат боюнча, 2018-жылдын январь-июнь айларында Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 37 млрд 512,8 млн сом суммасында салыктар жана төлөмдөр чогултулду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Коюлган план 101,3 %га аткарылып, 468,3 млн сомго ашыгы менен аткарылды.

2017-жылдын алты айына салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 3 млрд 881,1 млн сомго же 11,5 %га жогорулаган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.