КР премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Ереванда өтүп жаткан Евразия экономикалык биримдигинин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышууда. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Карен Демирчян атындагы спорттук-концерттик комплексте өтүп жаткан Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынын баштоо алдында делегация башчыларынын бирге сүрөткө түшүүсү болду.
Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын өкмөт башчыларынын катышуусундагы кеңештин жыйыны учурда тар чөйрөдө өтүп жатат. Андан соң расмий делегациялардын мүчөлөрүнүн катышуусундагы кеңири курамда уланат.
Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын күн тартибине жалпысынан интеграциялык биримдиктин алкагында көп жактуу кызматташуунун абалына жана аны кеңейтүүгө тийиштүү 13 маселе коюлган.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: