Баткендеги Кан кенин кытайлык «Куньшэн Горнопром» иштетет. Бул тууралуу КР Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агеттиги билдирди.

Инвестициялардын жалпы суммасы 13,55 млн АКШ долларын түзөт.

Кендеги заводду куруу иштери 5 жылды чапчыйт. Азыркы учурда жеринде Кытайдан келген 20 адис иштеп жатат. Агенттиктин өкүлдөрүнүн айтымында, жергиликтүү тургундар инвесторлордун ишмердигине каршы эмес.

Биринчи инвестициялык салым жергиликтүү мектепке 12 компьютерди тапшыруу болду. Андан сырткары, калк үчүн үч айлык кытай тили боюнча курстары ачылды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.