Ички дүң продукт 2025-жылдын январь-мартында алдын ала баалоо боюнча 329,1 миллиард сомду түздү жана 2024-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 13,1 пайызга өстү.
Өнөр жай өндүрүшүнүн 2024-жылдын январь-мартына салыштырмалуу өсүшү тазаланган мунайзат продуктуларынын (1,9 эсеге), тамак-аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки азыктарын өндүрүүнүн (1,7 эсеге), фармацевтикалык продукциялардын (41,7 пайызга), резина, пластмасса буюмдарын жана курулуш материалдарын өнүрүүнүн (43,0 пайызга), жыгачтын жана кагаздан жасалган буюмдарды өндүрүүдө, полиграфиялык ишмердүүлүктүн (29,9 пайызга), химиялык продукцияларды (8,5 пайызга), ошондой эле негизги металлдарды өндүрүү көлөмүнүн (3,2 пайызга) көбөйүшү менен камсыздалды.

Оң тенденциялар курулушта байкалды, мында көлөмдөрдүн көбөйүшү 69,0 пайызды, дүң жана чекене соода – 10,5 пайызды, ошондой эле айыл чарбасы – 2,5 пайызды түздү.
Үстүбүздөгү жылдын январь-мартында (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө бааларынын өсүшү 1,8 пайызды түздү. Мында тамак – аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга баалар 3,4 пайызга, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге баалар 1,8 пайызга жана калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөр тарифтер 1,1 пайызга, ал эми азык – түлүк эмес товарларга баалар, тескерисинче, 0,6 пайызга төмөндөдү.
2025-жылдын январь-мартында (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү жалпы республика боюнча байкалды. Мында баалардын максималдуу өсүшү (3,5 пайызга) Ош облусунда, тамак – аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктарга баалардын (5,5 пайызга) жогорулашынын эсебинен катталды. Алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге баалардын максималдуу өсүшү (6,8 пайызга) Ош шаарында, азык – түлүк эмес товарларга (0,8 пайызга) жана калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөр тарифтерге (2,2 пайызга) – Ысык-Көл облусунда белгиленген.
Кыргыз Республикасынын товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2025-жылдын январь-мартында 2 070,6 млн. АКШ долларын түздү жана 2024-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 13,2 пайызга төмөндөдү. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 4,7 пайызга, ал эми импорттук келип түшүүлөр, 14,6 пайызгы төмөндөдү.
2025-жылдын январь-мартында ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын көлөмү 723,6 млн. АКШ долларын түздү жана 2024-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 17,3 пайызга көбөйдү. Бул мезгилде республиканын өз ара соодасынын эң көп үлүшү Россияга (69,8 пайыз) жана Казакстанга (28,3 пайыз) туура келди.
Источник – Министерство сельского хозяйства Кыргызской Республики
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: