Кыргызстанда республиканын өнүгүүсүнө багытталган өнөктөр жана донорлор берген тышкы жардамдын тунуктугун камсыздоо боюнча чоң долбоор башталды. Ал долбоордун жардамы менен тышкы жардамдын мониторингине өлкөнүн жарандык коомун да кошушат. Бул тема эмне үчүн ушунчалык маанилүү жана ал долбоордун максаттары тууралуу экономист, мамлекеттик финансыны башкаруу, стратегиялык пландаштыруу, мониторинг жана баа берүү тармагындагы эксперт Темир Буржубаев берген интервьюсунда айтып берди.

– «КРга көрсөтүлгөн тышкы жардамдын тунуктугу» долбоору эмнеси менен маанилүү жана анын маңызы эмнеде?

– Долбоор маанилүү,себеби тышкы жардам боюнча маалыматтын жоктугуна байланыштуу көйгөй каражатты тартуу жана аны белгилүү бир өнүгүү секторлоруна жолдоо үчүн салмактуу, туура чечим кабыл алууга тоскоол болуп жатканын жарандык коом жана донордук коомчулук көрүп турат.

Албетте, учурда тышкы жардам жана ал кайсы секторлорго жолдонуп жатканы тууралуу бир аз расмий маалымат бар. Бирок бул негизинен жалпыланган маалымат. Деталдаштырууга кайрылсак, бул жерде боштуктар арбын. Ушундан улам тышкы жардамдын администраторлору туура эмес чечим кабыл алуу тобокелине дуушар болууда.

Мындан тышкары, тышкы жардам боюнча конкреттүү долбоорлордун ишке ашырылгандан кийинки натыйжасы жана эффективдүүлүгү боюнча маалымат дээрлик жокко эсе.

Жардамдын басымдуу көпчүлүгү мамлекеттик органдардын көзүнө көрүнбөй, өтүп кетүүдө, башкача айтканда, бир да мамлекеттик орган ал акча жөнүндө билбейт. Бул жарандык коомчулук жана бей-коммерциялык уюмдар ишке ашырган, өлкө үчүн өтө маанилүү тикелей каржыланган демилгелер. Биз тышкы жардам жөнүндө кымындай маанилүү маалыматты чыгаруучу аспапты жаратып көрөлү деп жатабыз. Бул сектор, донор, каржылоо көлөмү, долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү, долбоордун жыйынтыктоочу бенефициарлары жана башка маалымат.

Бул өтө маанилүү, себеби, мисалы серепчилердин байкашынча, ар түрдүү булактардан, ошондой эле мамлекеттик бюджеттен каржыланган көптөгөн тармактар бар. Ошол эле мезгилде башка маанилүү тармактар каржылоосуз калууда, аларда жардамга муктаж бенефициарлар арбын.

Албетте, бул процесс жарандык уюмдар менен макулдашылат.

«КРга көрсөтүлгөн тышкы жардамдын тунуктугу» долбоорунун алкагында биз «Бюджеттик адвокация үчүн коалиция» мүчөлөрү менен бул аспапты текшерип көрмөкчүбүз.

– Долбоордун алкагында сиз жарандык коом өкүлдөрү менен «Тышкы жардам деген эмне жана тышкы жардам жөнүндө маалыматта кандай муктаждыктар бар» деген темага арналган жолугушуу өткөрдүңүз. Жарандык сектордун өкүлдөрү сиздин долбоорго кантип катышууда? 

– Жарандык коом өкүлдөрү менен жолугушуу алака-мамиле түзүү үчүн маанилүү.

Биздин өнөгүбүз – Бюджеттик адвокация үчүн коалиция, ал өзүнө 50дөн ашуун бейөкмөт уюмду камтыйт. Жарандык уюмдардын жетекчилери менен жолугушуу коалиция мүчөлөрүнө биздин долбоор жөнүндө маалымат берип, аларды ишибизге киргизип, долбоордун максаттары жана маселелери менен тааныштыруу үчүн уюштурулган.

Биз тышкы жардам деген эмне экенин түшүндүргөн биринчи бет ачарыбызды тартуулап, ал жардам кайда багытталып, дагы жарадык коом эмне жөнүндө ойлонот, анын тышкы жардам тууралуу маалыматтарда эмнелер тынчсыздандырат, маалымат менен бөлүшүүдө анын катышуусу сыяктуу нерселерди түшүнүүгө аракет жасадык.

Учурдагы этапта бул жарандык коом менен иштөөдөгү негизги максаттарыбыз жана маселелерибиз.

– Долбоордун жыйынтыктоочу максаты эмнеде?

– Биринчиден, максатыбыз – тышкы жардам тууралуу колдо бар маалыматты анализдеп, көрсөтүү. 

Биздин эксперттер аналитикалык документтерди даярдап жатат жана биз ал аналитикалык документтерде өлкөгө берилген тышкы жардам жөнүндө көбүрөөк маалыматты чагылдырууга аракет кылабыз. Кийинки маселе болуп, бейөкмөт уюмдардын долбоорлоруна берилген каржылык жардам тууралуу маалымат чогултуу турат.

Экинчи маселенин маңызы, маалымат берүүдөн тышкары, жарандык коом тышкы жардам жөнүндө маалыматтын маанилүүлүгүн түшүнүп, ал маалыматтарды пайдаланууну үйрөтүү.

Кийин коомчулук өкүлдөрү мамлекеттик органдар менен карым-катнашта болуп, алардан маалымат алып, тышкы жардамды башкаруу боюнча маморгандарына өзүнүн жарадык талаптарын коё алат.

Тышкы жардам Кыргызстандагы жигердүү жарандар ишке ашырып жаткан бюджеттик адвокациянын маанилүү маселелелирин бири болуп калышы керек.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.