2018-жылдын жыйынтыгы боюнча эл аралык аудитордук уюм тарабынан тастыкталган Улуттук банктын таза пайдасынын көлөмү 2,1 млрд сомду түзгөн. 24-апрелинде КРУБ 2018-жылдын иш жыйынтыгы боюнча алынган 1,89 млрд сомду же пайданын 90% мамлекеттик бюджеттин кирешесине которду. Бул тууралуу банктын басма сөз кыматы билдирди.
2018-жылы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам кабыл алынгандыгына байланыштуу бюджеттин кирешесине которула турган Улуттук банктын пайдасынын өлчөмү 70%ан 90%га чейин жогорулатылган.
2017-жылдын жыйынтыгы боюнча Улуттук банк 2,3 млрд сом өлчөмүндө пайда таап, 2018-жылы мамлекеттик бюджеттин кирешесине 2,07 млрд сом (90%) которгон. Улуттук банк 2014-2018-жылдар аралыгындагы иш жыйынтыгы боюнча алынган пайданын эсебинен өлкөнүн мамлекеттик бюджетинин кирешесине 14,965 млрд сом которгон.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: