Улуттук банк Башкармасы 2018-жылдын 28-майында эсептик чен өлчөмүн 25 базистик пунктка 4,75% чейин төмөндөтүү чечимин кабыл алды. Чечим 2018-жылдын 29-майынан тартып күчүнө кирет. Бул тууралуу УБтын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Кыргыз Республикасында инфляция төмөн деңгээлде чектелип турууда. Баанын төмөндөшү товарлардын азык-түлүк тобу боюнча жүрүүдө, бул эл аралык азык-түлүк рыногунда алгылыктуу жагдайдын сакталышы менен шартталган.

“Кыргызстандын соода боюнча өнөктөш өлкөлөрүндө калыптанган экономикалык жагдай жана алардын келечек багыты республиканын экономикалыкөнүгүшү үчүн алгылыктуу өбөлгөлөрдү түзүү менен өсүш тенденциясынын сакталып калышын бекемдөөдө. Республиканын экономикасындагы алгылыктуу өсүш арым акча которуулардын туруктуу агымы жана эмгек акынын көбөйүшү алкагында өсүшкө ыктаган чогуу алгандагы суроо-талап менен колдоого алынууда. 2018-жылдын январь-апрель айларынын жыйынтыгы боюнча айкын ички дүң өнүм 1,3%, ал эми «Кумтөр» алтын-кенин казып алуу ишканаларындагы маалыматтарды эске албаганда 2,5% өскөн. Экономиканын негизги секторлорунда өндүрүштүн күч алышы байкалууда”, – деп Абдыгулов белгиледи.

Борбордук банк туруктуу негизде инфляцияга карата тышкы жана ички факторлордун таасирине баа берүү менен экономикалык жагдайга жараша акча-кредит саясатынын тиешелүү чараларын көрөт.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.