КР Улуттук банк Башкармасы 2018-жылдын 24-сентябрында эсептик чен өлчөмүн 4,75% деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Чечим 2018-жылдын 25-сентябрынан тартып күчүнө кирет. Бул тууралуу башкы финансы органдын басма сөз кызматы билдирет.
Маалымат боюнча, мамлекеттеги инфляция деңгээли азык-түлүк товарлары ички жана тышкы рыноктор тарабынан жеткиликтүү сунушталгандыгына байланыштуу аларга баалардын төмөндөшүнөн улам, төмөн деңгээлде сакталуусу уланууда. Азык-түлүктөн башка товарлар боюнча инфляция да баалардын өсүш арымынын басаңдашын көрсөтүүдө. Инфляциянын жылдык мааниси 2018-жылдын сентябрь айында (14-сентябрга карата) 1,1% түзгөн. Инфляциянын учурдагы динамикасы, ички жана тышкы чөйрөнү өнүктүрүү келечеги инфляция көрсөткүчүн өтүп жаткан жылдын акырына карата 4% чейинки деңгээлде сакталат деп баалоого мүмкүндүк берет.
Өлкөдөгү экономикалык жигердүүлүк республикага акча которуулар агымынын өсүшүнөн улам, чогуу алынган суроо-талаптын калыбына келиши жана реалдуу эмгек акынын көбөйүшү менен шартталган. 2018-жылдын январь-август айларынын жыйынтыгы боюнча реалдуу ИДӨ 0,3% кыскарган, «Кумтөр» ишканасынын маалыматтарын эске албаганда, экономиканын өсүшү 2,1% түзгөн. Айыл чарба, курулуш, соода жана транспорт секторлору экономиканын өсүшүнө оң салымын кошкон.
Үстүбүздөгү жылдын август айынын ортосунан тартып ички валюта рыногунда сунушка караганда чет өлкө валютасына болгон суроо-талаптын арткандыгы белгиленген. Улуттук банк алмашуу курсунун кескин өзгөрүлмөлүүлүгүн текшилөө максатында, эки жолу валюта интервенциясы операциясын ишке ашырган.
Улуттук банк ички жана тышкы факторлордун инфляцияга болгон таасирине туруктуу негизде баа берип турат жана экономикалык жагдайга жараша акча-кредит саясаты боюнча тиешелүү чараларды колдонот.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: