Азыр элетте бир да толук кандуу банк жок. Электрондук төлөмдөрдү жана мобилдик банкингди өнүктүрүү аркылуу региондорго банктык кызмат көрсөтүүлөр кирет. Бул тууралуу, бүгүн 11-апрелде Сооронбай Жээнбеков парламенттин астында билдирди.

Мамлекет башчынын айтымында, Улуттук банк тапшырманы кечеӊдетип жатат.  

“Бул ишти активдештирип, тез арада жыйынтык көрсөтпөсө, тийиштүү чаралар көрүлөт”, – деп президент белгиледи. 

Сооронбай Жээнбеков, коммерциялык банктар ар бир аймактан бирден ири долбоорду каржылап, 25тен ашык долбоорду ишке ашырууга сунуштады. Андан сырткары, КРУБ коммерциялык банктарды аймактардагы долбоорлорду каржылоого багытталган стимулдарды сунушташ керектегин айтты.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.