КР биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов күйүүчү-майлоочу материалдар бааларын турукташтыруу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.
«КММ баасынын өсүүсү калкта мыйзам ченемдүү тынчсызданууну жаратат. Бензиндин баасынын көтөрүлүшү көптөгөн кызматтардын жана товарлардын, анын ичинде азык-түлүктөрдүн кымбатташына алып келет. Биз КММ баасынын кескин көтөрүлүшүнө жол бербешибиз керек», – деди биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов.
Кеңешменин жүрүшүндө Өнөр жай, энергетика жана кен иштетүү мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Орозбек Алымбеков республикадагы КММ рыногундагы учурдагы кырдаал тууралуу маалымат берди.
«КММ баасынын негизги өсүүсү 2018-жылдын май айынын аягында июндун башында жүргөн, 2018-жылдын июнунун экинчи жарымынан баштап баанын өсүшү байкалган эмес. Республикабызга мунайзат продуктуларынын көп бөлүгү ташылган Россияда мунайзат продуктуларынын дүң баасынын кескин жогорулашы бир катар факторлорго байланыштуу, алардын башкысы – мунайзатка дүйнөлүк баанын өсүүсү. Мунайзат сырьесуна баанын дээрлик үзгүлтүксүз өсүүсү азыркы мезгилге чейин уланууда, май-июнда эле алар 9-10%га өсүп, акыркы 3,5 жылда биринчи жолу 80 долл./баррелден жогору көтөрүлгөн.
Муну менен бирге Алымбеков белгилегендей, майдын чекене баасынын өсүүсүн жыл башынан бери байкалган россиялык мунайзат кайра иштетүү заводдорунда дүң-чыгаруу бааларынын ырааттуу өсүүсү шарттаган.
«Эгерде үстүбүздөгү жылдын январынан июнга чейин россиялык рынокто баалардын өсүүсү орточо 6% болсо, май-июнда дүң баалар 30% чейин көтөрүлгөн. Үстүбүздөгү жылдын 6 айында КММ чекене бааларынын өсүү тенденциясы байкалган. Ошону менен бирге 2018-жылдын январь-июнунда республикага 234 миң тонна автомобиль бензини жана 270,5 миң тонна дизелдик отун импорттолгон», – деп билдирди Алымбеков.
Кубатбек Боронов Антимонополдук жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине КММ бааларынын кырдаалын көзөмөлгө алууну жөндөөнү тапшырды.
ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринде үстүбүздөгү жылдын 17-июлуна карата орточо салыштырмалуу баалар (2018-жылдын 17-июлуна карата КР УБ курсу боюнча)
| КММ аталышы |
Кыргызстан |
Казакстан |
Россия |
Белоруссия |
Армения |
| Аи-92 |
44,3 |
33,6 |
48,1 |
45,0 |
63,2 |
| Аи-95 |
47,0 |
34,9 |
51,5 |
47,8 |
66,0 |
| Аи-98 |
49,9 |
39,8 |
58,1 |
51,7 |
69,0 |
| Дт |
45,0 |
35,5 |
51,2 |
46,5 |
64,8 |
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: