Ысык-Көл өнүктүрүү фондуна “Кумтор Голд Компани” ишканасынын дүң кирешесинин 1% өлчөмдө акча каражаты которулат. Анын алкагында өткөн 2018-жылы Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондусуна 504,8  миллион сом келип түштү.

Бул акчалар район, шаарларга төмөндөгүй бөлүштүрүлдү:

Бул акча каражаттар облустун социалдык өнүгүүсүнө жумшалгандыгын, фонддун жетекчиси Алдаярбек Тойгоналиев түшүндүрмө берди.

“Бул каражаттарга аймакта жалпы 73%дык жумуш аткарылды. Ал эми район шаарларга бөлүштүргөндө айырмачылык бар. Анын себеби планга киргизилген курулуш иштердин иш кагаздары, тендерлери өз учурунда кармалып, аларга толук бөлүнгөн жок. Албетте бул акчалар башка жакка жумшалбайт, быйыл кайрадан кошуп беребиз”.

Ал эми тармактарга бөлүнүшү төмөндөгүдөй болду:

  • Билим берүү тармагына- 90  миллион сом;
  • Саламаттыкты сактоо тармагына-31 млн 939 миӊ сом;
  • Маданият тармагына-17 миллион 233 миң сом;
  • Спорт тармагына-46 млн 596 миң сом;
  • Жол жана инфраструктураны оңдоо жана айыл чарбасын колдоо тармагына-43 миллион сом бөлүнгөн.

Анын алкагында аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында билим берүү тармагы фонддун жардамы менен бир катар ийгиликтерге жетишти. Жумуштун алкагында 4 бала бакча жаӊы салынып, 2 бала бакча капиталдык оӊдолду. Андан сырткары мектептердин курулушуна, ысык тамак үчүн жабдуулар алынып берилди. Ѳзгөчө Жети-Ѳгүз районунда балдар лагеринин иштөөсү жакшы жаӊылык болгондугун Жаргылчак айыл аймагынын башчысы Адилет Жаныбеков билдирди.

“Балдар лагери 54 жыл мурун курулган соӊ, союз тарагандан бери капиталдык оӊдоп түзөнү талап кылып жабылып калган. 2018-жылы фонддун жардамы менен 1 коттедж капиталдык оӊдолуп, 1 ашкана, балдар аянтчасы жаӊы курулду.Келээрки жылы дагы 2 коттеджди жаӊылап, эс алуучулардын санын 150гө жеткирсек деген оюбуз бар”.

Ошондой эле саламаттыкты сактоо тармагында 4 гемодиализ аппараты, 8 тез жардам, ФАПтын курулуш иштери жана бир нече имараттарга оӊдоп түзөө жүргүзүлдү. Бул боюнча облустук бириккен оорукананын жетекчиси Токтобай Маанаев буларга токтолду.

“Облустук бириккен оорукананын гемодиализ бөлүмүндө  буга  чейин 7 аппарат иштеп, 34 бейтап кан тазалатчу. Эми аларга кошумча  дагы 10 адамдын өмүрү узармай болду. Анткени Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондусу Германиядан 4 жаӊы аппарат алып беришти. Азыр бейтаптардын кубанычында чек жок, кеминде 10-15 жылга жетет”.

Маданият тармагында балдар китепканасы, райондордун маданият үйлөрүнүн материалдык техникалык базалары чындалып жабдуулар алынып берилди. Аны менен катар облустук телеберүү компаниясынын имараты капиталдык оӊдолуп, жумушчуларга жакшы шарт түздү,- деди директор Чолпон Шаикова.

“Бир кылымдан ашкан облустук телерадио компаниясынын тарыхый имараттын капиталдык оӊдоп түзөөсү биринчи жолу колго алынып, фонд 2017-жылы ички ремонтуна 2 миллион 685 миӊ сом которгон. Андан соӊ 2018-жылы чатырына, имараттын сыртын жаӊылоо үчүн 1 миллоин 474 миӊ сом карады. Учурда тендер утуп алган компания оӊдоп түзөө иштерин толугу менен аяктап эксплуатацияга өткөрүп берди. Албетте бул иш аракет кызматкерлерибизге жакшы шарт түздү”.

Аны менен утурлай спорт тармагында 4 чоӊ спорт комплекси, 10дон ашуун кичи футбол аянтчалар ишке берилди. Бул багытта Түп районунун Ак-Булак айылынын жаштарынын келечегине чоӊ өбөлгө болгондугун спорттук адис Артур Алиев кабарлады.

“Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондусу бизге көп жардамын тийгизүүдө. Анын арасынан бизге 2 миллион 100 миӊ сомго кичи спорттук аянтча салып берди. Эми бул жайга жаш муундар келип машыгып, чемпион болбосо да айылыбыздын атын чыгарат деген үмүттөбүз”.

Мындан сырткары Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду айыл жергесинин инфраструктурасын жакшыртуу демилгесин кеңири колдоду. Анын ичинен  аталган фонддун каржылоосу менен Тоң районунун Кажы-Сай айыл аймагынын борбордук көчөсүнө толугу менен асфальт төшөлүп, жол кеңейтилди.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.