2026-жылдын 13-августунда Балык өнөр жайы комплекси департаменти тарабынан спорттук жана ышкыбоздук балык уулоочулар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, ошондой эле калкка көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү багытында маанилүү иш-чара өткөрүлдү.
Департаменттин жетекчилиги жана адистери тарабынан Ысык-Көлдүн Кекилик участогуна балык уулоо эрежелери жана жол-жоболору боюнча маалыматтарды камтыган атайын маалыматтык тактайча орнотулду.
Тактайчада балык уулоочулар үчүн зарыл болгон маалыматтар, анын ичинде балык уулоо билетин электрондук түрдө алууга мүмкүндүк берүүчү QR-код жайгаштырылды. Бул балык уулоочуларга Департаментке келип убара болбостон, керектүү маалыматтарды алып, балык уулоо билетин ыңгайлуу жана тез алууга шарт түзөт.
Аталган иш-чаранын негизги максаттары:
• спорттук жана ышкыбоздук балык уулоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү;
• мамлекеттик кызматтарды санариптик форматка өткөрүү;
• балык уулоо билетин алууну жөнөкөйлөштүрүү;
• балык уулоонун эрежелери жана талаптары тууралуу калктын маалымдуулугун жогорулатуу;
• суу биоресурстарын мыйзамдуу жана жоопкерчиликтүү пайдаланууга көмөктөшүү;
• калк менен Департаменттин өз ара байланышын жакшыртуу.
Бул алгачкы маалыматтык тактайча болуп саналат. Аталган тактайчалардан 50 даана жасалып, учурда көлдүн башка тилкелерине балык уулоо участкаларына орнотуу иштери башталууда. Аталган тактайчалардын жалпы санын 100 даанадан ашыруу иштери пландалууда.
Маалымат булагы egov.kg
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: