2019-жылдын 4-апрелине карата «Айыл чарбаны каржылоо – 7» долбоорун ишке ашыруунун алкагында 2 млрд 22,6 млн сомго 4 миң 441 жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу КР Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Берилген насыялардын ичинен өсүмдүк өстүрүүчүлүккө 401,7 млн сомго 936 жеңилдетилген насыя, мал чарбачылыкка – 1 млрд 304,5 млн сомго 3 439 жеңилдетилген насыя, кайра иштетүүгө жана кызмат көрсөтүүлөргө – 316,4 млн сомго 66 жеңилдетилген насыя берилди.

Долбоордун алкагында 2019-жылдын ичинде коммерциялык банктардын жана финансылык-кредиттик мекемелердин финансылык каражаттары өсүмдүк өстүрүүнү, мал чарбачылыкты жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүнү өнүктүрүү үчүн ишкердик субъекттерге жана жеке жактарга жеңилдетилген пайыздык чен (жылына 6, 8 жана 10 пайыз) менен берилет. 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.