Ушул жылдын башынан бери жергиликтүү бийликтин башчылары менен биргеликте жүргүзүлгѳн иш-чаралардын негизинде 7 жаңы муниципалдык мал базар курулуп, колдонууга берилди. Алар Баткен, Ноокат, Токтогул, Тоң, Лейлек, Айтматов, Сокулук райондорунда салынды. Мындан сырткары, ушул тапта дагы 5 муниципалдык мал базар курулуп жатат. Тагыраагы, Ноокен, Кочкор, Ак-Талаа райондорунда бирден, ал эми Кадамжай районунда 2 мал базар жакынкы күндө бүткөрүлүп, алар да ишке берилет. Белгилесек, республика боюнча бүгүнкү күндө 45 мал базар ѳз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Анын ичинен 18 мал базар ветеринардык-санитардык талапка жооп берсе, ал эми калган 27 мал базарда райондук жана шаардык Ветеринардык башкармалыктардын берген көрсөтмөлөрүнүн негизинде ветеринардык-санитардык талапга ылайык келтирүү боюнча оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп жатат. Бирок жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленген кѳрсѳтмѳлѳрдү аткаруу боюнча тиешелүү иштер убагында аткарылбай келүүдө. Эскерте кетсек, ветеринардык санитардык талаптарга жооп бербеген эки мал базар жабылды. Алар Ноокат жана Москва районунда болчу.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: