2025-жылдын 1-декабрында Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Sonningdale Limited жана «РЭЦА» ЖЧКсынын ортосундагы Инвестициялык макулдашуусуна  кошумча Макулдашууга кол коюу аземи болуп өттү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин, инвестордун өкүлдөрүнүн жана «РЭЦА»  компаниясынын жетекчилигинин катышуусунда өттү.

Кошумча макулдашууга кол коюу Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айыл аймагынын Кызыл-Өрүк айылында күн электр станциясын куруу жана эксплуатациялоо долбоорун ишке ашыруудагы маанилүү этап болуп калды. Документ – баштапкы инвестициялык макулдашуунун айрым жоболорун, анын ичинде тараптардын жоопкерчилигинин шарттарын, туруктуулуктун кепилдиктерин, мүмкүн болуучу тобокелдиктерди жөнгө салуу тартибин жана колдонуудагы укукту өзгөртүүнү тактоого жана өркүндөтүүгө багытталган.

Иш-чаранын жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын кайра жаралуучу энергетика тармагын өнүктүрүү, энергетикалык коопсуздукту бекемдөө жана чет өлкөлүк түз инвестицияларды тартуу үчүн анын стратегиялык маанисин баса белгилөө менен долбоорду ийгиликтүү ишке ашырууга өз милдеттенмелерин ырасташты.

Кошумча макулдашуу ага кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирди жана колдонуудагы Инвестициялык макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

Маалымат катары: Азыркы учурда жумушчулар үчүн убактылуу турак-жай куруу иштери аяктоодо, подстанциянын пайдубалы жана 110 кВ электр берүү линиясы куюлууда, ошондой эле күн панелдери үчүн кронштейндер орнотулууда.

Источник – Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.