Агенттикте Нарын облусунда административдик-аймактык реформаны жүргүзүү маселеси талкууланды
 
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин 3.04.23ж /85 Жарлыгын ишке ашыруу максатында Нарын облусунда административдик-аймактык реформаны жүргүзүү маселесин талкуулоо үчүн Нарын облусунун райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы акимдеринин жана тиешелүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен жыйын өткөрүлдү.
Аталаган жыйынды Агенттиктин директору –Джантаев Эльчибек Нуржадыевич ачып берип, Агенттиктин директорунун орун басары –Байдылдаев Курманбек Муратовичтин алып баруусунда улантылды. Ошондой эле, жыйынга КР Министрлер Кабинетинин Нарын обулусу боюнча куратору К.К. Кускаков, КР ЖӨБ Союзунун директору Б.Орозбаев, КР Президентинин Нарын обулусу боюнча өкүлүнүн орун басары, КР Президентинин Администрациясынын, КР мамлекеттик органдарынын жана Нарын обулусу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты.
Жыйында административдик-аймактык реформага байланыштуу көйгөйлүү маселелер жана аларды чечүү жолдору талкууланып, реформаны ишке ашыруунун жол картасын мамлекеттик органдарга тапшырмаларды көрсөтүү менен иштеп чыгуу сунушталды.

Источник – Государственное агентство по делам государственной службы и местного самоуправления при Кабинете Министров Кыргызской Республики

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.