Жергиликтүү өз алдынча башкарууну координациялоо жана колдоо бөлүмүнүн 2023-жылдын 3-апрелинен 10-апрелине  чейин аткарган иштери

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 23-мартындагы ПБ №62 Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан “Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн жер участокторун берүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн тартибин (“Бирдиктүү терезе” механизми) аныктоочу ченемдик-укуктук актыны иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлүп 2023-жылдын 6-апрелинде жумушчу топтун жыйынына бөлүмдүн башкы адиси Саттаров Нурсултан катышып, тиешелүү сунуштарды берди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-апрелиндеги “Эң мыкты айыл өкмөтү” наамына жалпы мамлекеттик сынак өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” № 181 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоору, долбоордун маалымкат-негиздемеси, салыштырмалуу таблицасы иштелип чыгып, мамлекеттик органдарынын корутундулары менен чогуу 2023-жылдын 4-апрелинде чыг.№01-4/248 менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кароосуна  киргизилди.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы №60 тескемесине ылайык, Барууга кыйын шарттарда жайгашкан калктуу конуштардын тизмегин инвентаризациялоо боюнча жумушчу топтун курамы бекитилип, тескемеде Агенттиктин Жергиликтүү өз алдынча башкарууну координациялоо жана колдоо бөлүмүнүн башкы адиси жумушчу топтун курамына киргизүү көрсөтүлүп, 2023-жылдын 6-апрелинде Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар  министрлигинде жумушчу топтун жыйыны өткөрүлдү жана бөлүм  тарабынан тиешелүү сунуштар берилди.

Агенттиктин 2022-жылдын 14-декабрында №279 “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставын бекитүү жөнүндө” буйругу чыккан жана бул буйруктун аткарылышы боюнча тиешелүү окутуулар жүргүзүлүп жатат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына аралыктан жеткиликтүү болуусу үчүн Жергиликтүү жамааттардын типтүү уставынын атайын электрондук баракчасы иштелип чыгууда.

Ошондой эле 2023-жылдын 28-29-апрелидеринде Кыргыз Республикасынын Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Майдан айыл өмөктүндө жана Ош облусунун Араван районунун Алля Анаров айыл өкмөтүндө “Жергиликтүү маселелерди чечүүдө жергиликтүү жамааттардын кызматташуусу” аттуу республикалык семинар-кеңешме өткөрүү пландалууда. Аталган семинар- кеңешмени өткөрүүгө бөлүм тарабынан өткөрүү прогаммасы даярдалып, тиешелүү мамлекеттик органдар менен жумуш алынып барылууда.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги ПЖ №85 “Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө” Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 350  “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы №435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын өнүктүрүүнүн улуттук программасынынын 4.3-бөлүмүн ишке ашыруунун алкагында бөлүм тарабынан Нарын облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын сапаттык курамы жана кайсы күнү шайланганы тууралуу маалыматтык базалары такталып тиешелүү бөлүмгө берилди.

Источник – Государственное агентство по делам государственной службы и местного самоуправления при Кабинете Министров Кыргызской Республики

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.