2019-жылдын 16-март күнү жалпы республикалык ишембилик жарыяланды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Ишембилик Кыргызстандын шаарларынын жана айылдарынын социалдык инфраструктурасын жакшыртуу, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу максатында өткөрүлөт.

“Мамлекеттик органдардын жетекчилери алдыдагы ишембиликтин алкагында шаарлардын жана айылдардын социалдык инфраструктурасын жакшыртуу, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу үчүн тиешелүү чараларды көрүүгө тийиш. Ишембиликтерди өткөрүү боюнча уюштуруу маселелери КР өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жүктөлөт”, – деп билдирүүдө белгиленген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.