9-сентябрь-Комуз күнүнө карата КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан атайын Жумалык жарыяланганы белгилүү. Комуз күнү быйыл экинчи ирет белгиленип жатат, ошого байланыштуу ушул күндүн негизделиш тарыхына токтолуп өтөлү.

Комуз күнүнүн  негизделишине олуттуу салым кошкон адам катары  КРнын эмгек сиңирген артисти, акын Азамат Болгонбаев төмөнкүлөрдү эскерди:

Кыргыз маданиятынын жана искусствосунун өзөгү, деги эле дүйнөлүк искусствонун түпкү теги бул- салттуу музыка. Салттуу музыканын бай тарыхын, ордун дүйнөлүк жана эл аралык алкактагы илимпоздор изилдеп, ар бир мамлекет же улут өз дараметине жараша улуттук өнөрүн сактап жана жайылтып келет. КР Эл артисти Роза Аманова негиздеген “Кыргыздын салттуу музыкасы” коомдук фонду 16 жылдан бери ушул багытта эбегейсиз иш алып барды. Былтыр 2019-жылдын апрелинде Салттуу музыка күнүнүн  15 жылдыгына арналган Жумалыкты өткөрүүгө күжүрмөн кириштик. Жумалыктын программасына ылайык  ири иш-чаралар: концерттер, көргөзмөлөр, мастер класстар, алыскы жана жакынкы чет мамлекеттерден келген окумуштуулардын катышуусу менен  эл аралык илимий-практикалык конференция өтүп, Жумалык ийгилик менен жыйынтыкталды. Жумалыктын алкагында Роза Аманова  экөөбүз КРнын Президентинин аппарат жетекчиси Досалы Акбаралиевич Эсеналиевдин кабыл алуусунда болуп, илимий –практикалык конференциянын резолюциясында белгиленген талаптардын бири болгон,  салттуу музыканы мындан ары жайылтуу жана өркүндөтүү боюнча сунуштарыбызды,  тагырагы Кыргызстанда  “Комуз күнү” белгиленсе деген аруу тилегибизди билдирип,  “Кыргыздын салттуу музыкасы” фондунун атынан сунуш бердик.  Аппарат жетекчи бул сунушту өлкө башчысына жеткирерин айтып, берилген сунушту дагы кимдер колдойт  деп суроо салган. Ушуга байланыштуу, ынтымак бар жерде ырыс бар деген ишеним  менен Кыргызстан элдеринин Ассамблеясына комуз күнүн белгилөө демилгебизди  колдоп берүүнү өтүнүп кат менен кайрылып,  ошол учурдагы Ассамблеянын жетекчиси Шидакова Зухра Хаджимахмудовна менен жолукканбыз.  Ассамблея биздин сунушубуздун негизинде  Кыргыз Республикасынын Президенти С. Ш. Жээнбековго кат жолдогон.  Өлкө жетекчиси кылымдарды карыткан комуздун улуулугун сыйлап, 9-сентябрды “Комуз күнү” деп белгиленсин деген жарлыкка кол койду. Айтайын дегеним Кыргыздын улуу өнөрүн, комузун аздектеген Роза Аманова негиздеген “Кыргыздын салттуу музыкасы” фондунун   демилгеси бүгүнкү күндөгү салттуу музыканын өсүшүнө зор салымын кошуп келе жатат.

 

Зухра Шидакова “Кыргызстан элинин Ассамблеясынын Кеңешинин төрагасынын орун басары:

Кыргызстан элинин Ассамблеясынын этникалык коомдук уюмдарынын өздүк көркөм чыгармачылык коллективдери 2013-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан улуттук салттуу музыка күнүнө арналган бардык иш-чараларга активдүү катышып келет. 2019-жылы март айында “Кыргыздын салттуу музыкасы” фондунун негиздөөчүсү, КРнын Эл артисти, Т. Сатылганов атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, искусство таануу илимдеринин доктору, профессор Р. Аманова Кыргызстандагы улуттардын руханий маданиятынын өзөгү катары “Комуз күнүн” Президенттин жарлыгы менен жарыялоо тууралуу демилгесин колдоп берүүбүздү өтүнүп, “Кыргыздын салттуу музыкасы” фондунун атынан кат менен кайрылган эле. Биз тараптан бул демилге колго алынып, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековго “Комуз кунун” жарыялоону колдоорубузду билдирип кат жөнөткөнбүз. Биздин максатыбыз ишке ашып, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 24-июлдагы № 96 Жарлыгы менен ар жыл сайын  Кыргызстанда  9-сентябрь “Комуз күнүн” белгилөө жарыяланган. Комуз күнүн белгилөө үчүн Жарлыктын чыгышына  Кыргызстан элинин Ассамблеясынын кошкон салымы көп улуттуу кыргыз элинин сыймыгы катары  тарыхта калмакчы.  Кыргызстанда жашаган этностордун салттуу музыкасын сактап калуу, даңазалоо, эл арасына кеңири жайылтуу жана ошондой эле этностор аралык достукту, руханий маданиятты, улуттук баалулуктарды таанууда, комуз кыргызстандыктардын көп түрдүү маданиятынын символу болот деп эсептеймин.

Адила Кермалиева  “Кыргыздын салттуу музыкасы” фондунун аткаруучу директору:

 Кыргыз элинин руханий маданиятынын ажырагыс бир бөлүгү болгон салттуу музыканы комузсуз элестетүүгө мүмкүн эмес. Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбеков өз сөзүндө комуз кыргыздын салттуу маданиятында өзгөчө орунда турарын, анын күүлөрүндө кыргыздын философиялык ой толгоолору, каада салты сакталып бизге жеткенин белгилеп, 9-сентябрь-Комуз күнүн белгилөө тууралуу жарлыкка кол койгон. Кылымдарды карыткан тарыхы бар комуз, көчмөндөр цивилизациясына мүнөздүү болгон бардык өзгөчөлүктөрдү, анын ичинде тирүүлүктө өткөргөн жашоосун, күндөлүк турмушун, салт санаасын, филасофиясын өзүнө камтыган руханий байлыгынын кереметтүү бир бөлүгү экени талашсыз. Кытай тарыхчысы Анвар Байтур жаңы эранын 33-жылында “кыргыз” деген эл жана  анын “комуз” деген музыкалык аспабы тууралуу жазып, 1-кылымдарга таандык экендигин далилдейт. Ушундай тарыхый далилдерден улам, кыргыздар комузду музыкалык аспап катары абдан эле эрте урунгандыгын билсек болот.

2013-жылкы КРнын Жогорку Кеңешинин “25-апрель Салттуу музыка күнүн белгилөө тууралуу” токтому салттуу музыкабыздын жаңы деңгээлге чыгып, өнүгүүсүнө камкордукка алынуусуна карай ташталган ири  кадам болгон. Албетте, ошол иш-чаралардын артында чоң топ турарын, илимпоздор турарын, салттуу музыканы алып жүрүүчүлөр турарын баса белгилегим келет. Комуз күнүн белгилөө идеясы  бир канча жылдан бери фонддо өз ара  талкууланып, айтылып келе жатканы менен ушул Салттуу музыка күнүнүн 15 жылдыгына туура келгени өзгөчө символикалуу. Биздин фонддун демилгесин Президеттибиздин  колдогону баарыбыздын жеңишибиз, анткени ылдам темп менен өнүккөн санариптешүү доорунда, улуттук иденттүүлүгүбүздү сактап калуу үчүн бул күндүн мааниси өзгөчө чоң.  “Кыргыздын салттуу музыкасы” фондунун атынан Кыргызстандыктарды  “Комуз күнү” менен куттуктайм. Бул күндүн белгилениши ата-бабадан калган руханий маданиятыбыздын, салттуу музыкабыздын мындан ары да өсүп-өнүгүп, улуттук идеалогиянын бир бөлүгү катары аздек мамиле жасалып, кылымдан кылымга чыпчыргасын коротпой мурас катары өткөрүп берүүбүзгө   шарт түзөт деген  ишенимдемин.  

Маектешкен Айдана Бектурган кызы

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.