Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Карыпбеков Улан Кадырсултанович 1-июнь Балдардын коргоонун эл аралык күнүнө карата Бишкек шаарындагы «Акниет» турмуштун оор кырдаалында турган балдар үчүн борбору жана Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылындагы “КРУиЗ” мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын борборуна барды.
Агенттиктин директору Улан Кадырсултанович аталган борболордун тарбиялануучу балдарынын абалы менен жеринде таанышып, балдарды майрамы менен куттуктап, жеке каражатынын эсебинен алынган белектерин берип, балдардын майрамдык маанайын көтөрүп келди.
Жетекчи өз сөзүндө буларга токтолду: “Биз, өзгөчө аярлуу катмардагы балдарга кам көрүүнү даталуу күндөрдө эле эмес, кадырэсе учурда да улантышыбыз керек. Бул балдардын арасынан не деген таланттар, мамлекеттик кызматкерлер өсүп чыгаарын билбейбиз. Балдарга азыр кам көргөнүбүз, мамлекеттин келечегине жол чапканыбыз”.
Источник – Государственное агентство по делам государственной службы и местного самоуправления при Кабинете Министров Кыргызской Республики
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: