Балыкчы шаарында «Дени сак шаарлар» долбоорунун алкагында кереге кеңеш болуп өттү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин Түндүк аймактар аралык башкармалыгынын, Ысык-Көл облусу боюнча өкүлү Э. Окенов, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Республикалык ден-соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору тарабынан уюштурулган кереге кеңешке катышты.
Кереге кеңеште Балыкчы шаарынын мэриясы жана муниципалдык мекемелеринин кызматкерлери, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү болду.
«Дени сак шаарлар» долбоору шаардыктардын ден-соолугу, бакубаттуулугу боюнча биргелешип иштөө үчүн кызыкдар тараптарды бириктирүү, инновацияларды жана өзгөрүүлөрдү жүргүзүү аркасында, мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу менен шаардан шаарга өз аракеттерин күчөтүүгө үндөгөн, биргелешкен тажрыйба алмашууда уникалдуу платформаны камсыз кылат.
Аталган кереге кеңеш коомдук саламаттыкты сактоо тармагындагы жергиликтүү көйгөйлөргө жооп табуу максатын көздөйт. Келечекте ар бир шаар жашоонун саясий, маданий жана экономикалык борбору болуп, жарандардын ден соолугун жана бакубаттуулугун жакшыртууга багытталган инновацияларды жана секторлор аралык демилгелерди илгерилетет.
Иш чаранын жүрүшүндө, шаарды өнүктүрүү боюнча бир топ көйгөйлүү маселелер талкууланды.
The post Балыкчы шаарында «Дени сак шаарлар» долбоорунун алкагында кереге кеңеш болуп өттү first appeared on Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик.
Источник – Государственное агентство по делам государственной службы и местного самоуправления при Кабинете Министров Кыргызской Республики
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: