Балыкчыда жүк ташуучу унаалардын ээлери тынч жолу менен митинг өткөрдү. Нааразычылык акцияга чогулган 50дөй адам Кытай, Казак чек арасынан жүк ташып келүүгө тоскоолдуктар жаралып жатканын билдиришти.

Жүк ташуучулар коомунун төрагасы Таалайбек Сугатчиевдин айтымында, чек арадан товар келбей жатканына эки ай болду. Натыйжада насыя алып оокат кылгандар сыгым болууда.

“Түндүк аймактар боюнча чек арадан жүк ташыгандар алды 15-20 жыл, аркасы 5 жылдан бери 2 миңдей адам иштейт. Акыркы мезгилдерден бери азык-түлүктөн башка тиричиликке керектүү товарларды алып келе албай жатабыз. Анткени, кимдир бирөөнүн кызыкчылы менен жүккө төлөнгөн баалар арзан болуп, айрым соодагерлер Хоргос аркылуу алып келип жатат. Биз кайсы күнү жүк алып өтөбүз деп 10-15 күндөп чек арада суу, даараткана, тамак-аштан кыйналып күтүп баштадык. Өкмөт башчы бул маселени тез арада чечпесе ак үйдүн алдына жүк ташуучу унааларды тизип тынчтык митинге чыгабыз”,- деди Т.Сугатчиев.

Ал эми бул маселеден кабар алган Ысык-Көлдүн ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев айдоочулардын талабы чечилерин убадалады. Эки тараптуу жолугушууда өкмөт башчы Мухамметкалый Абылгазиев менен жолугушууга жана кат жолдоого шарт түзүлөрүн айтып, ага чейин нааразычылык акцияны токтотууну өтүндү.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.