Бүгүн, 29-апрелде Балыкчыда шаардык мэриянын алдында уран кенин иштетүүгө каршы тынчтык жолу менен нааразычылык акциясы өттү. Митингге болжолдуу түрдө 200дөй киши чогулуп, шаардын жергиликтүү активисттери уюштурган.

Чогулган эл Уран кенин толук кандуу иштетпөөгө мораторий кабыл алуусун талап кылышууда. Бир аз убакыттан кийин митингчилер Бишкекке жөө жүрүүнү баштаган. Ага Тоӊ, Ысык-Көл жан Кочкор райондорунун жакынкы айылдарынын тургундары Балыкчынын активисттери катышууда.


Бирок ИИМ кызматкерлери тарабынан митингчилер токтотулду. Активисттер жүрүшүн унаа менен улантты. 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.