
26-сентябрда Г.Айтиев атындагы Улуттук сүрөт өнөр музейинде «Башат» чыгармачылык жумалыгы башталды.
Иш-чарада маданият министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков «Башат» программасы жаш таланттарды колдоодо жана чыгармачыл жамааттарды өнүктүрүүдө маанилүү демилге экенин белгиледи.
Ачылышта «Визуал жана кол санат өнөрканасынын» көргөзмөсү коюлуп, анда инсталляциялар, иллюстрациялар, паннолор, санарип сүрөттөр, көркөм кийимдер жана кыргыз жоокеринин үч зоот кийими көрсөтүлдү.
Жумалык 28-сентябрга чейин уланат. 27-сентябрда Улуттук тарых музейинде «Музыка өнөрканасы» жараткан чыгармалар тартууланса, 28-сентябрда «Ала-Тоо» кинотеатрында «Кино өнөрканасынын» документалдык жана кыска метраждуу тасмалары көрсөтүлөт.
Источник – Министерство культуры, информации, спорта и молодежной политики Кыргызской Республики
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: