Бүгүн, 24-апрелде Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтында жаңы 60 автобусдун тизилип турган катары жөнүндө күбө билдирди.

«Аянтта автобустар катарлап турат. Азырынча “Ала-Тоону” милиция кызматкерлери курчап турушат», – деп окурман белгиледи.

Мэрияга расмий түрдө тапшырууда президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусу күтүлүүдө.

Эскертсек, уюштурулган тендерди ZHENGZHOU YUTONGBUS CO. LTD ишканасы утуп алган. Кыргызстанга алынып келген Yutong ZK 6108 HGH метан аркылуу иштейт. Анын баасы да арзан, абага да таасирин аз берет.

Бул автобустарды Алматыда, Монголияда, Гаванада жана Бангкокдо ийгиликтүү колдонушат. Эксплуатациялык мөөнөтү 10 жыл.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.